Қош келдіңіз Тіркелу RSS

Жарқын Шәкәрім | Авторлық сайт

Сенбі, 20.04.2024
Басты бет » 2016 » Шілде » 17 » ҚЫРҒЫЗ МАНАСШЫСЫНЫҢ ФОНОГРАФ ТАСПАСЫН ТАПҚАМЫН
15:07
ҚЫРҒЫЗ МАНАСШЫСЫНЫҢ ФОНОГРАФ ТАСПАСЫН ТАПҚАМЫН

Жарқын ШӘКӘРІМ

1974 жыл

ҚЫРҒЫЗ МАНАСШЫСЫНЫҢ ФОНОГРАФ ТАСПАСЫН ТАПҚАМЫН

ХХ ғасыр. 1974 жылы Санкт-Петербораға сапар шегіп ондағы архив қазынасынан 1912 жылы Қырғыз манасшысы Кенжеғараның орындауында «Семетей» эпосы жазылған төрт фонограф таспасын тауып, бұл жаңалықты сол жылдары алғаш рет  еліміздің газет журналдарына жариялаған болатынмын. (Ж.Шәкәрімов «Әміре» кітабы, 1977 ж. 76 бет, «Социалистік Қазақстан» газеті 1974 жыл.) Жақында ғаламтор желісінде әйгілі манасшы Кенжеғараның қияқ аспабымен түскен суреті және Қырғыз тілінде жазылған анықтама жарияланған екен.  ХХ ғасырдың 1974 жылы Қырғыз достарға алғаш рет Кенжеғара жайлы мәлімет бергеніме мен де қабағат қуанып, бүгінгілер біле жүрсін деген ниетпен ұсынып отырмын.

 

Кенже кара Калча уулу

Улуу октябрь революциясына чейин манасчылардын ичинен айткан вариантынан үзүндүлөрдү 
кагаз бетине түшүрүп, аты-жөнү, ким экендигин ачык айтып калган Кенжегара Калча уулу болгон. Ал көпчүлүккө мыкты ырчы, белгилүү семетейчи жана кыякчы катары таанылган. “Семетей” эпосу кылкыяктын коштоосу менен аткаргандыгы менен башкалардан айырмаланып айткан. Анын айтуусу боюнча эпостун салттык туруктуу бир эпизоду жазылып алынган.
1903-жылы орус география коому кыргыз жергесине комплекстүү экспедиция уюштуруп, ага саякатчы-сүрөтчү Б.В.Смирнов менен этнограф А.Т. Белиницский катышкан. Б.Смирнов Бишкектин айланасында жашаган кыргыз элинин турмушун чагылдырган көптөгөнсүрөт иллюстрацияларды жараткан жана фольклордук чыгармаларды жыйнаган. Сүрөтчүнүн өз сөзү менен айтканда “кыргыздын белгилүү ырчы музыканты” Кенжегарадан “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүү” эпизоду менен “Акбалта баатыр жөнүндө ыр ” деген чыгарманы үн жазгычка (фонографка) жазып алып, анын кара сөз түрүндөгу орусча котормосу 1914- жылы Москвадан “Түркестандын талааларында” (“В степях Туркестана”) деген наам менен китеп болуп чыккан.
Кенжегара айткан бул үзүндүдө Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү жөнүндөгү салттык окуя кыскача баяндалат. Мында эпостогу негизги сюжеттик сызык сакталуу менен кийинки семетейчилердин варианттарынан бир аз айырмаланып турат. Эгер эпостун азыркы варианттарынын көпчүлүгүндө Айчүрөктүн кереметтүү түшүн анын сиңдиси Калыйман жоруса, Кенжегара ырчыда түштү кандын кызы эмес, кедейдин кызы жоруйт. Ошондой эле бул үзундүдө Айчүрөк Семетейдин келер жолун тосуп келсе,кийинки варианттарда Үргөнчтүн боюнда кыз-келиндер менен ойноп жаткан Айчүрөктү Семетей өзү издеп келип таанышат.
Колдонгон адабияттар:
С. Алиев, Т. Кулматов “Манасчылар жана изилдөөчүлөр” Б.1995ж. 55-58 б.

 

 

796 рет оқылған
Пікірлер саны: 0
omForm">
avatar
Хостинг от uCoz